Бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти. Алардын берген антын өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Андан кийин президент депутаттардын алдында сөз сүйлөөгө киришти.
Өкмөттүн курамы:
Премьер-министр – Темир Сариев
Биринчи вице-премьер-министр – Аалы Карашев
Экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр – Олег Панкратов
Социалдык блок боюнча вице-премьер-министр – Гүлмира Кудайбердиева
Маданият, маалымат жана туризм министри – Алтынбек Максүтов
Ички иштер министри – Мелис Турганбаев
Социалдык өнүгүү министри – Кудайберген Базарбаев
Транспорт жана коммуникация министри – Аргынбек Малабаев
Саламаттыкты сактоо министри – Талантбек Батыралиев
Билим берүү жана илим министри – Эльвира Сариева
Юстиция министри – Жылдыз Мамбеталиева
Каржы министри – Адылбек Касымалиев
Айыл чарба жана мелиорация министри – Турдуназир Бекбоев
Экономика жана өнөр жай министри – Арзыбек Кожошев
Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев
Өзгөчө кырдаалдар министри – Кубатбек Боронов
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - Абдил Сегизбаев
Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы - Марат Кенжисариев
Өкмөт аппаратынын башчысы - Нурханбек Момуналиев