"Шайлоочулардын силерге берген ар бир добушу моюнуңарга илинген аманат экенин унутпагыла",- деп кайрылды президент Алмазбек Атамбаев депутаттарга парламенттин 6-ноябрдагы жыйынында. Мамлекет башчы бир катар маанилүү саясий билдирүүлөрдү жасады:
"Урматтуу жыйындын катышуучулары! Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү! Урматтуу мекендештерим!
Саясий атаандаштыкта алдыга озуп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланышкан алты партиянын өкүлдөрүн жеңиши менен, кыргыз элин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бүгүн эл алдында ант беришкен жаңы өкмөттүн мүчөлөрүн да чын дилимден куттуктайм! Жолуңар байсалдуу, ишиңер ийгиликтүү болсун!
Урматтуу депутаттар!
Шайлоонун жыйынтыктарын журтубуз да, эл аралык коомчулук да жогору баалады. Учурдан пайдаланып, парламенттик шайлоону өткөрүүгө жардам берген өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга, ошондой эле эл аралык байкоочуларга ыраазычылык билдирем. Парламенттик шайлоону ачык, таза өткөрүү мамлекетибиз үчүн тарыхый сыноо болду. Анткени эки ирет: 2005 жана 2010-жылы адилетсиз шайлоолор элдик көтөрүлүшкө себеп болгон.
4-октябрдан кийин бүт өлкөбүздө шайлоонун өтүшүнө байланыштуу бир дагы нааразылык митинги болгон жок. Демек, шайлоо акыйкат өттү.
Урматтуу мекендештер!
Келе жаткан 2016-жылы мамлекетибиздин эгемендик тарыхына 25 жыл болот. Чейрек кылым ичинде көп улуттуу өлкөбүз далай тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, Кудайдын жана тарыхтын сыноолорунан абийир менен чыгып, 2010-жылдын апрелинен кийин руханий жана экономикалык кайра жаралууга бет алды. Кыргыз мамлекети региондо саясий, социалдык жана экономикалык эркиндиктер орногон өлкө катары таанылды.
Эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасын жакыр өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарды. Мамлекеттин энергетикалык, транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кыла турган кылым долбоорлору ишке ашырылып жатат. Аскердик реформа жүрүүдө. Биздин тышкы саясатыбыз эң ириде улуттук кызыкчылыктарыбызды камсыздоого багытталган. Тышкы саясаттын ырааттуу жана экономикалык жактан пайдалуу болушу биз үчүн өтө маанилүү.
Жашоо үчүн ыңгайлуу өлкөлөрдүн бүткүл дүйнөлүк рейтингинде Кыргыз Республикасы Борбор Азия боюнча биринчи орунду алды. Көч бара-бара түзөлөт деген ушу. Көп улуттуу мамлекетибиз өз жолун таап, келечек көздөп баратат, бирок, албетте, бул жолдо бизди дагы бир топ сыноолор күтүп жатат.
Урматтуу депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү!
Өзүңөр көрүп тургандай, мыйзам чыгаруу ишиндеги кемчиликтер өлкөнүн өсүшүнө залакасын тийгизип, ал тургай улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатат. Албетте, мындан ары деле билмексенге салып, көрмөксөн болуп көз жумуп койсок болмок, бирок бул маселелер өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө, келечегине коркунуч жаратууда. "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" деген кыргыздын сөзү бар. Муну унутпасак. Мыйзамдардагы мүчүлүштөр, Конституциядагы кемчиликтер өлкөбүздүн өнүгүшүнө бөгөт болуп жатат.
Мына ошондуктан мен быйыл жазында Жогорку Кеңештеги үч фракциянын лидерлери Өмүрбек Чиркешович Текебаевдин, Феликс Шаршенбаевич Куловдун жана Чыныбай Акунович Турсунбековдун азыркы Конституцияга оңдоолорду киргизүү боюнча демилгесин колдогон элем.
Урматтуу депутаттар!
Өткөн беш жылда элибиз парламенттик башкаруу өлкөбүзгө туура келерине ынанды. Ачык айтсак, иш жүзүндө биз дагы эле бир бутубуз менен парламенттик, экинчи бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан, менимче, биз бара-бара Европа өлкөлөрүндөй эле толук парламенттик башкарууга өткөнүбүз туура болчудай.
Өткөн парламенттик шайлоодо көрдүңөр, айрым партиялар формалдуу түрдө мыйзам менен Конституцияны бузбаганы менен, иш жүзүндө партиялык шайлоону мажоритардык жол менен өткөрдү. Демек, азыркы Конституциядан жылчык таап, мыйзамды буйтап өтө турган “тың” жигиттер бизде аз эмес.
Ал эми 2017-жылы кайран элибиз адаттагыдай бал сөздөргө, акчага алданып, ошондой бир өтө “тың” президентти шайласа, өлкөнүн башына Максим Бакиевге окшогон, мамлекетибизди “комок” катары көргөн, кыргыз элин кой катары көргөн, ишкерлерди бир-бирден тоногон, Кудайдан коркпогон президент келиши толук мүмкүн болуп турат. Анткени жылкы аласы тышында, адамдын аласы ичинде болот. Элибиз да ишенчээк. Андай “тыңдарга” азыркы Конституция туруштук бере албайт, себеби Баш мыйзамдын өзүндө бир топ карама-каршылыктар бар.
Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм, сактанганды Кудай сактайт. Президенттин укугун азайтып, накта парламенттик башкарууга өтө башташыбыз керек. Болбосо элдин шоруна калабыз. Жогорку Кеңеш бул маселени абдан кылдаттык менен изилдеп, жакшылап карап, анан элдин талкуусуна коюшу керек. Эгер элибиз ынанса, анда колдоп берет. Унутпагыла, президенттик шайлоого болгону 1,5 жыл калды.
Урматтуу депутаттар!
Элибиз өткөн шайлоодо сиздерге үмүт, жакшы тилек менен ишеним көрсөттү. Шайлоодо силер үчүн берилген ар бир добуш моюнуңардагы аманат экенин эстен чыгарбасаңар. Ар бир депутат шайлоочулардын, жалпы элибиздин үмүтүн актоо үчүн таза иштөөгө милдеттүү. Албетте, Жогорку Кеңеште өтө курч, олуттуу, ачык-айкын жана конструктивдүү талаш-тартыштар болот. Ал талаш-тартыштар, ал дебаттар өлкөбүздүн кызыкчылыгына доо кетирбеши керек.
"Жакшы ниет - жарым ырыс" деген сөз бар. Кыргыз мамлекети азыркы өнүгүү жолунан тайбашы керек. Кадам артынан кадам таштап, чачылганды жыйнап, жакшыны жакшыга улап, ынтымактуу алга басканыбыз туура.
Урматтуу депутаттар! Урматтуу өкмөт мүчөлөрү!
Менин жер-жерлерде өткөн жолугушууларымда көпчүлүк эл азыркы тынчтык менен ынтымакты көздүн карегиндей сактоону өтүнүп жатышты. Анткени акыркы он жылда эки революцияны, бир ирет улут аралык тополоңду башыбыздан кечирип, тынчтыктын баасын жакшы билип калбадыкпы. Тынчтык менен ынтымак – элибиздин дөөлөтү. Тынчтык болгондо гана экономика өсүп, ишкерлер иштеп, бакубат турмушту кура алабыз. “Ырыс алды – ынтымак” деп акылман аталарыбыз тегин жерден айтпаса керек.
Өлкөбүздөгү тынчтык, ынтымак үчүн баарыбыз, анын ичинде силер – депутаттар жана өкмөт мүчөлөрү биринчилерден болуп жооптуубуз. Азыркы парламентте дээрлик бардык улуттардын өкүлдөрү бар. Ар бириңер өз айылыңарда, көчөлөрүңөрдө, шаарларыңарда ынтымакка үндөй жүрсөңөр деп өтүнөм.
Урматтуу мекендештер!
Айтылуу “Манас” эпосунда “мээнеттен күчтүү дарман жок, мезгилден күчтүү балбан жок” деген ташка тамга баскандай саптар бар. Анын сыңары, биз мурда кандай элек, бүгүн кандайбыз? Беш, он жылдан кийин, дагы чейрек кылымдан кийин кандай өлкө болобуз? Беш жыл эле мурда экономикабыз бүлүнүү абалында, ынтымагыбыз ыдыроо абалында эле. Азыр баары башка. Кудайга шүгүр, экономикабыз жандануу жолуна түштү. Ошону менен бирге руханий кайра жаралууга жол ачылды.
Эл арасында "мекенибизге, бири-бирибизге күйүмдүү бололу" деген сөздөр көп угула баштады. Көп улуттуу өлкөбүздүн өзөгү болгон кыргыздар менен кошо Ала-Тоону жердеген башка улуттар да кыргыз жерин мекеним деп, сыймыктанып баштаганын көрүп жатабыз. Элибизде ойгонгон патриоттук, мамлекетчил сезим өлкөбүздүн боосун бекемдей турганына көзүм жетет.
Баарыбыз бакубат, өсүп-өнгөн өлкөнү куруу үчүн тилектеш, максатташ бололу. Жергебизге келген жакшылыкты, ооматты улайлы. Биз өз мекенибизде гана бактылуу болорубузду унутпайлы. Тескери ой, терс пейилден арылып, оң мүнөздөгү касиет-сапаттарга, айкөлдүккө ээ бололу.
Мен толук ишенем: келечекте мамлекетибиз бул региондо эң өнүккөн, эң эркин өлкө болот! Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин! Жашасын эгемендүү Кыргызстан!"