Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоору каралып, кабыл алынды. Токтом долбооруна ылайык, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төмөнкүдөй түзүмүн бекитүү сунушталган:
- Жогорку Кеңештин төрагасы;
- Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары;
- Жогорку Кеңештин 9 комитети.
Ал эми Жогорку Кеңештин төмөнкүдөй комитеттерин түзүү каралган:
- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет;
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитет;
- Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет;
- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;
- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;
- Бюджет жана финансы боюнча комитет;
- Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитет.