Жогорку Кеңеште вице-спикерлерди шайлоодо талаш-тартыш орун алды

Бүгүн, 6-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн бекитүүнү талкуулап жатышат. Учурда депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган үч талапкердин платформасын угушууда. Буга чейин коалициялык көпчүлүк төраганын эки гана орун басары болушу керектигин белгилеп, бири коалициялык көпчүлүктөн, экинчиси азчылыктан болушу керектигин чечкен. Буга "Республика-Ата Журт" жана "Бир бол" фракциялары каршы чыгышты. "Төрага коалициялык көпчүлүктөн болду. Төраганын бир орун басарлыгына дагы сиздерден чыгып жатат. Ошондуктан үч орун басар болсун деп оппозиция эки талапкерди чыгарды",- дешти "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаттары. Айрым эл өкүлдөрү маселени добуш берүү аркылуу чечүү керектигин сунуш кылышты.

Коалициялык көпчүлүктөн Нурбек Алимбеков, "Бир бол" фракциясынан Бакыт Эсенбаева, "Республика-Ата Журттан" Максат Сабировдун талапкерлиги сунушталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан