Депутат Исхак Масалиев вице-спикерликке талапкерлер баш тарткан кызматтык унааны пайдаланып турууну сурады

"Мен Кадиллактан баш тартпайм, мага бергилечи!"- деди депутат Исхак Масалиев 6-ноябрда парламент отурумунда. Жыйында вице-спикерлик кызмат ордуна талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан. Депутат Бахадыр Сулайманов үч талапкерлерге кайрылып: "Кызматтык унаадан баш тартууга даярсыңарбы?"- деп сурады.

Депутат Максат Сабиров: "Биздин фракция бардык депутаттык артыкчылыктардан баш тартууну сунуштап жатат. Ошондуктан Кадиллактан баш тартам",- деп билдирсе, дагы бир депутат Нурбек Алимбеков айрым учурда Кадиллакты пайдалана турганын айтты. "Албетте, буга чейин деле мен депутат болгом. Анда деле унааны жана батирди пайдаланган эмесмин, бирок делегаттарды тосуп алуу өңдүү иш-чараларга пайдалануу керек",- деп жооп берди. Үчүнчү талапкер Бакыт Эсенбаева кызматтык унаа пайдаланбай турганын билдирди.

Ал ортодо депутат Исхак Масалиев: "Мен Кадиллактан баш тартпайм, мага бергилечи. Качан силерге керек болгондо берип турам",- деп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан