Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу журналисттер, басма сөз, радио жана телевидениенин, басма ишинин кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилден куттуктайм! Массалык маалымат каражаттары бизди күн сайын акыркы жаңылыктар менен тааныштырат, окуянын чордонунда болууга мүмкүндүк беришет. Ошол эле учурда журналисттер - коомдук пикирди чагылдыруучулар, бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө.
Сиздер коомдук пикирди гана чагылдырбастан, ага маалымат жеткиресиздер. Кыргыз мамлекети акыркы жылдары алдыга жылууда, ал эми жарандарыбыз өзүнө ишенип, күчтөнүүдө, буга журналисттердин кошкон салымы зор. Бул үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Адилеттүүлүк, ар-намыс менен өз миссиясын аткарып жана чоң жоопкерчилигин унутпаган жазмакерлер менен сыймыктанабыз",- деп билдирди өлкө башчы.
Президент журналисттерге бекем ден соолук, бакубатчылык, бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалады.