Бүгүн, 6-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлашты. Эки орун басарлыкка үч талапкер ат салышып, добуш берүүнүн жыйынтыгында коалициялык көпчүлүктөн сунушталган Нурбек Алимбеков менен "Бир бол" фракциясынан көрсөтүлгөн Бакыт Эсенбаева жеңишке жетишти. Ал эми "Республика-Ата Журттан" көрсөтүлгөн депутат Максат Сабиров өтпөй калып, фракция лидери Өмүрбек Бабанов добуш берүүнү кайрадан өткөрүүнү талап кылды. Анын билдиришинче, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүү урнасынын жанына туруп алып депутаттарга көрсөтмө берип туруп алды.
"Эртең менен эле бизге президент өтө жакшы сөздөрдү айтып кетти. Анан да калыс жана таза болууга чакырды. Асылбек Шарипович, сизди төрага кылып шайлап жатканыбызда "бардык фракцияларга бирдей мамиле кылам" деп убада бердиңиз эле. Азыр калыстык болбой калды. Келгиле, кайрадан добуш берели, анткени эсептөө комиссиясы көрсөтмө берип туруп алды. Шайлоочуларга миллион сомдорду коротуп таза шайлоону үйрөткөнүбүз менен, минтип бул жерде биз адилетсиздик кылып жатабыз. Калыстыкты өзүбүздөн башташыбыз керек",- деди Бабанов.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Сайдулла Нышанов добуш берүү таза өткөнүн билдирди.