Бүгүн, 6-ноябрда премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште ант беришти. Алардын берген антын өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кабыл алды.
Ант берүү кезеги каржы министри Адылбек Касымалиевге келгенде ал колун Конституциянын үстүнө койгон жок. Анттын текстин окуп бүткөн соң гана Конституциянын үстүнө колду коюп туруу керек экенин эстеп, колун Конституцияга койду.