Бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын бардык депутаттары жыйын учурунда залдан чыгып кетишти. Буга Жогорку Кеңештеги түзүлгөн 9 комитеттин бири да "Республика-Ата Журт" фракциясына берилбей калганы себеп болду.
Фракция лидери Өмүрбек Бабанов коалициялык көпчүлүккө кайрылып буларды айтты: "Өзгөчө КСДП фракциясына рахматымды айтып коёюн. Рахмат силерге, аябай колдодуңар. Биринчи күндөн тартып эле туура эмес кадамдар менен башталды. Биздин фракцияга бир да комитетти ыраа көрбөй койдуңар. Биздин мындан аркы кадамдарыбыз башкача болот. Силерге рахмат, биз кеттик". Ушундан кийин Бабанов фракциялаштарын ээрчитип залдан чыгып кетти.