Бишкекте 11-ноябрда коррупцияга каршы күрөшүү темасы талкууланган форум өтөт. Экономика жана өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, жыйында коррупцияны жоюудагы мамлекет менен бизнес коомчулугунун өнөктөштүгү талкууланып, ага мамлекеттин тармактык мекемелери, ишкерлер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышмакчы.
"Форумдун алкагында ишкерлик жүргүзүүдөгү коррупциялык тоскоолдуктар, чыныгы атаандаштыкты өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууда жана бизнесте абийирдүү башкаруу, этикалык стандарттар системин жайылтуу жана башка маселелер талкууланат. Коррупцияга каршы форумдун максаты - мамлекеттик органдар менен бизнес коомчулугунун күчүн бириктирүү, коррупцияга каршы күрөшүүдө чыныгы аянтча түзүү",- деп белгиленет маалыматта.