Өкмөттүн курамына кирген агенттик жана кызматтардын жетекчилерин кызматка кайра дайындоо жарлыктарына 10-ноябрда кол коюлат. Муну премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 9-ноябрда агенттик жана административдик мекемелердин башчылары менен жолугушууда билдирди.
"Он күндүн ичинде агенттик жана административдик мекемелердин жетекчилери жыл аягына чейинки ишинин планын сунушташы керек. Негиз катары өлкөнү туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын жана өкмөттүн Жогорку Кеңешке сунуштаган программасы алынышы зарыл. Кыска убакыттын ичинде мамлекеттик сатып алуулар системин электрондук вариантка өткөрүү шарт. Эң башкысы, мамлекет бизнеске тоскоолдук кылбай, тескерисинче, колдоо көрсөткөнү жакшы",- деди өкмөт жетекчиси.