5-ноябрь күнү Украина мамлекетинин Жогорку Радасынын депутаты Андрей Тетерук менен депутат Александра Кужелдин ортосунда чыр чыгып, Тетерук бөтөлкө менен Кужелдин башына чаап салган. Чет элдик маалымат каражаттарынын билдиришинче, ошол күнү эле жаракат алган депутат ооруканага жаткырылып, анын фракциялаштары Тетерукту депутаттык мандатынан ажыратууну жана жоопкерчиликке тартууну талап кылышканын жазып чыгышты.
Дарыгерлер анын мээси чайкалып калганын айтып, алгач ооруканага келгенде анын бир көзү жакшы көрбөй жатканын билдиришкен. Анын негизинде депутатты 10-ноябрга чейин ооруканада жатууга милдеттендиришкен.
Ал эми Тетерук ага кол көтөрбөгөнүн айтууда. "Төраганын бөлмөсүнөн чыкканда Кужель бир канча жолу сумкасы менен мени урууга аракет кылды. Мен барып дубалга такалып калдым. Дагы урууга аракет кылганда, менин колумда бөтөлкө бар эле, качууга аракет кылганга болбой калып, ал бөтөлкөнү сүзүп алды. Мен аял депутатты урбайм, ага колум барбайт",- деп түшүндүргөн журналисттерге ал.
Айрым маалымат каражаттары: "Тетерук окуядан кийин кечирим сурагандай мааниде социалдык түйүндөрдөгү өздүк баракчасына билдирүү жазган, бирок кийинчерээк өчүрүп салды",- деп жазышууда.
Ал эми Кужель анын мас абалда болгонун билдирүүдө. "Менин пикиримде, ал ошол учурда мас абалда болгон. Ал команданын дарегине туура эмес нерселерди айтып, кемсинтүүгө алды. Анан менин үстүмө колунда турган бөтөлкөдөгү сууну төгүп салып, башка бир чапты. Мен азыр да ооруканадамын. Алгач келгенде кан басымым жогорулап, бир көзүм такыр эле көрбөй калды, азыр деле өзүмдү жакшы сезе албай жатам",- деп билдирген журналисттерге.