Бүгүн, 9-ноябрда премьер-министр Темир Сариев Бишкек – "Манас" аэропорту жолун оңдоо иштери менен таанышты. Өкмөт жетекчиси аталган жол өлкө үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, курулуш ишин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү зарылдыгын билдирди. “Бул жол борбор шаарыбызга кирүүчү негизги жана мамлекеттик маанидеги жол. Аны оңдоодо комплекстүү түрдө иш алып барып, жергиликтүү бийлик жолдун эки тарабын көрктөндүрүүгө көңүл бурушу керек”,- деди Сариев.
Узундугу 24 чакырымды түзгөн жолду оңдоого 954 миллион сом каралган, оңдоо иштерин 2016-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүү пландалууда.
Премьер-министр аталган аэропорттогу “Кыргыз аэронавигация” мамлекеттик ишканасына караштуу жаңы аэронавигациялык мунаранын абалын көрүп, мунараны ишке берүүнү тездетүү жана коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.