Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Сокулук районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар жашаган жайлардын кышка даярдыгын текшерди. "Бөлмөнүн температурасы 18-21 градус жылуу, терезелер жылууланган, от казандар иштеп жатат. Министрдин жарлыгына ылайык, мындай текшерүүлөр улам болуп турат",- дейт Полотова.
Министрликтен 10-ноябрда билдиришкендей, аталган жайларда балдар менен психолог, логопед иштешип жатканы, турмуш-тиричиликтик багыттагы атайын бөлмө ачылып, балдар тамак даярдаганды, өзүн өзү тейлегенди үйрөнүп жатышканы айтылды.