2015-жылдын ноябрында республикалык бюджеттин кирешеси 9 миллиард 423 миллион сомду түзөт. Каржы министрлигине таянсак, каржы ресурсунун негизги бөлүгү: 8 миллиард 250 миллион сому салыктар, салыктык эмес кирешелер, расмий трансферттер менен толтурулат. Мындан тышкары бюджеттик ссуда жана кредиттерди кайтаруудан 105 миллион сом, мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу менен 1 миллиард 68 миллион сом түшөрү күтүлүүдө.
"Республикалык бюджеттин ноябрдагы чыгымы 8 миллиард 620 миллион сом деп пландалууда. Корголгон беренелер: айлыктар, соцфондго төгүмдөр, дарылар, азык-түлүктөр, жөлөк пул, стипендия жана башкаларга 7 миллиард 147 миллион сом жумшалмакчы",- деп айтылат маалыматта.
Айдын ичинде аталган суммалар өзгөрүшү мүмкүн экени да айтылды.