Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда.
Жарыш сөздө прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышты.
Х.Коркмазовдун адвокаттары Кайрат Загибаев жана Жаныбек Айткулов сотто каралып жаткан иш боюнча Коркмазов ортомчу гана болгонун айтышты. "Коркмазов өзүнө же үй-бүлөсүнө эч кандай пайда көрүүнү көздөгөн эмес. Мындан тышкары ал тергөө менен иштешип, тергөөчүлөргө керектүү жаңы фактыларды ачып берген. Мындан улам аны кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну суранабыз",- дешти жактоочулар.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.