Талас шаарындагы ички жолдордун курулушу менен бүгүн, 10-ноябрда премьер-министр Темир Сариев таанышты. Шаардын көчөлөрүн оңдоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келгенин белгилеген өкмөт башчы: "Бул максатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү акча каражатын бөлүшү керек. "Жер-Үй" кенин иштетүүнүн эсебинен 175 миллион сом бөлүнгөн, акча бар. Башкысы - акчаны үнөмдүү пайдалануу зарыл",- деп билдирди.
Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдун курулушунун сапатын жана иштин жүрүшүн көзөмөлдөп турушу керектигин белгиледи.
Сариев шаардагы 30 көп кабаттуу үйдү жылуулук менен камсыздоочу ишканага да барганы айтылат маалыматта.