Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетектөөчү курамы, башкаруу органдары, Башкы штабдын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Улуттук гвардиянын бөлүктөрүнүн командалык курамынын ыкчам жыйыны башталды. Ал 2015-окуу жылынын жыйынтыгын чыгаруу жана 2016-жылга жаңы милдеттерди белгилөө менен 13-ноябрда аяктайт.
Ыкчам жыйын дене тарбия, катардык даярдык, атуу, инженердик коргонуу боюнча текшерүү сабактарын өткөрүү менен башталганын аталган штабдан билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө "Азыркы шартта маалыматтык согушту киргизүүнүн өзгөчөлүгү", "Атайын багыттагы бөлүкчөлөрдү даярдоонун заманбап программасы", "Аскер кызматчыларынын күжүрмөн тапшырмаларды аткарууга форма, методдорунун мотивациясы" деген темаларда сабактар өтүлөрү айтылды. Катышуучулар Борбордук Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаал, Сирияга согуштук аракеттерди киргизүүнүн жана Украинадагы куралдуу кагылышууну техникалык камсыз кылуунун өзгөчөлүгү, Украинанын чыгышындагы согуш аракеттериндеги медициналык камсыздоону уюштуруунун тажрыйбалары менен таанышмакчы.