Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети алгачкы жыйынын өткөрүп, анда депутаттар комитеттин ички түзүмү боюнча маселеге токтолушту. Алгач айрым депутаттар комитет төрагасынын үч орун басары болушу керектигин сунуш кылып чыгышты. Депутат Акылбек Султанов бул демилгеге каршы чыгып, төраганын 2 гана орун басары болушу жетиштүү экенин айтты. Анын билдиришинче, айрым жыйында катардагы мүчө депутаттарга караганда комитет жетекчилери көп болуп калат.
"Өткөн чакырылышта да депутат болуп, комитеттердин бирине мүчө болдум. Жыйында комитеттин төрагасы жана үч орун басары отурса, катардагы депутаттардан эки-үчөө гана болуп жатты. Андайдын эмне кереги бар? Ошондуктан эки орун басары болсо жетиштүү болот",- деген оюн айтты. Талкуудан соң депутаттар бул маселени фракция жетекчилери менен бирге чечүү керек деген бүтүмгө келишти.
Ал ортодо депутат Руслан Казакбаев комитет төрагасынын орун басарлыгына депутаттар Улан Примов менен Зиядин Жамалдиновдун талапкерлиги сунушталып жатканы боюнча кат келгенин билдирип, аны депутаттарга көрсөттү. Жыйында отурган башка депутаттар эч кимге мындай кат келбегенин билдиришип, аны кайдан алганын айтууга мажбурлашты. Ал "кат кайдан келгенин билбейм, мага алып келишиптир" деп жооп узатты.