"Жергиликтүү бийлик органдарына көзөмөл күчөтүлөт" деди премьер-министр

"Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн тартипти бекем сактоо зарыл",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 10-ноябрда Таласта жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууда. Сариев төө буурчактын баасын көтөрүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирип: "Дыйкан үчүн эмгегинин акыбети кайтканы маанилүү. Өкмөт таластык дыйкандар төө буурчакты татыктуу баада сатуусу боюнча бардык мүмкүнчүлүктү карап көрөт. Дыйкандар да бул жаатта тартипке келип, мамлекеттик органдар менен биргеликте жаңы мүмкүнчүлүктү карап көрүшү керек",- деди.

Премьер мамлекет үчүн коопсуздук башкы маселе экенин белгилеп, буларды кошумчалады: "Кыска мөөнөттүн ичинде өкмөт куралып, ишке кирди. Аймактарга чыгып, жеринен маселелерди чечүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Учурдагы өкмөттүн талабы – мыйзамдын негизинде тартипти бекем сактап, иш алып баруу. Жергиликтүү бийлик органдарына көзөмөл күчөтүлөт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан