Данияр Нарымбаев сотто: "Мен күнөөлүү эмесмин"

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда.

Жарыш сөздө прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышты.

Х.Коркмазовдун адвокаттары ал бул иште ортомчулук кызмат гана кылганын айтышып, анын толук акталышын өтүнүштү. Нарымбаевдин адвокаттары да Нарымбаевдин кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок болгонун билдиришип, аны актоо керектигин суранышты.

Андан соң айыпталуучуларга акыркы сөз берилди. Данияр Нарымбаев "мен күнөөлүү эмесмин" деп баштады сөзүн. "Мен бийликтин туруктуулугунун кызыкчылыгын көздөп иш алып барып жүргөм. Мен мыйзамды сактоого, мыйзамды бузбоого чакырып келгем. Мага карата тагылган күнөөлөр негизсиз",- деди Нарымбаев.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан