Эсептөө палатасынын аудитордук кызматына экс-депутат Нурбек Мурашевдин талапкерлиги сунушталып жатат. Бүгүн, 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында анын талапкерлиги каралды. Комитет төрагасы Аскарбек Шадиев анын бул кызматка сунушталып жатканы боюнча кат Алтынбек Сулайманов тарабынан келгенин айтып, маселени ортого салды. Депутаттар анын талапкерлигин кийинки отурумда кароо чечимине келишти.
Айта кетсек, Мурашев ушул жылдын 3-сентябрында Кочкор-Ата шаардык кеңешинин депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Кабулжан Кимсанбаевди сабап салганы маалым болгон. Ошондой эле 2014-жылдын 14-февралында да ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаевди ур-токмокко алганы белгилүү болгон.