Хажимурат Коркмазов коррупциялык ишке ортомчулук кылганын моюнга алды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланууда.

Жарыш сөздө прокурорлор жана адвокаттар сүйлөгөн соң айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.

Коркмазовдун айтымында, ал Нариман Түлеев менен 2000-жылдан бери тааныш. "Мен Түлеев менен жакшы мамиледе болгом. Бири-бирибизге жардам көрсөтүп келебиз. Ал абакка отургузулуп, мүлкү конфискацияланганда, анын кызы мүлкүн камактан чыгаруу боюнча менден жардам сураган. Мен кызматтык абалымдан пайдалануу үчүн эмес, жакын адамы катары жардам берейин дегем. Жөн эле адамча жардам бергим келген. Ооба, мен ортомчулук кылып, мыйзам буздум. Тергөөгө жашырбай бардык маалыматтарды бергем",- деп күнөөсүн өз моюнуна алды Коркмазов.

Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан