Өкмөт жакында дыйкандарга 10 жылдык мөөнөткө айыл чарба техникаларын лизингге берүүгө тийиштүү токтом кабыл алды. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин билдиришинче, дыйкандарга комбайндар, тоют, кызылча, жүгөрү жана төө буурчак жыйноочу техникалар берилмекчи. Механизация департаменти тарабынан айыл чарбасын механизациялоого инвестиция тартуу боюнча долбоор даярдалып жатканы айтылды. "Азыркы учурда дыйкандарды техника, запастык бөлүктөр жана оңдоо кызматы менен камсыздоо боюнча биздин рынокто 25тен ашык дүйнөдөгү белгилүү фирмалар өзүнүн техникаларын, запастык бөлүктөрүн жана кызматтарын сунуштап, иштеп жатышат",- деп белгиленет маалыматта.