Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовдун соттук ишин кароо уланды.
Башында жарыш сөздө прокурорлор Д.Нарымбаевди мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну, милициянын генерал-майору наамын алып салууну жана мүлкүн конфискациялоону суранышты.
Х.Коркмазовдун адвокаттары ал бул иште ортомчулук кызмат гана кылганын айтышып, анын толук акталышын өтүнүштү. Нарымбаевдин адвокаттары да Нарымбаевдин кыймыл-аракетинде кылмыштын курамы жок болгонун билдиришип, аны актоо керектигин суранышты.
Соттук отурум айыпталуучулардын акыркы сөздөрүн айтуусу менен аяктады. Судья кийинки отурумду 18-ноябрга дайындады.
Эскерте кетсек, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.