10-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Талас облусундагы иш сапарынын алкагында аталган облустун активи менен жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө премьер-министр облустук жетекчилерге жаңы тапшырмаларды берип, өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Темир Сариев Талас облусу үчүн эң негизги маселе төө буурчактын баасы экенин белгилеп, бул боюнча дыйкандар менен биргеликте аракет көрүү зарылдыгын билдирди. Премьер-министр элге түшүндүрүү иштери абдан начар деңгээлде болуп, маалымат жетишпегени үчүн аталган маселе экономикалык маселеден саясий маселеге айланып жатканын кошумчалады. Төө буурчак айдаган дыйкандар ассоциация түзүп, биргелешип иш алып баруусу зарыл экенин белгиледи.
Өкмөт башчы мамлекеттик органдардын алдында абдан чоң милдеттер турганын билдирип, ага жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин белгиледи. «Биздин астыбызда абдан чоң милдеттер турат. Дүйнөлүк кризисти эске алуу менен өз абалыбызга жараша, кыска убакыттын ичинде өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек . Бизде убакыт жок. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү, акимдер өтө ыкчам аракет көрүп, иреттүү тартип болушу керек. Ар ким өз милдетин кынтыксыз аткарууга тийиш. Бизге учурда туруктуулук, тартип, мыйзамдуулук жана өнүгүү керек»,- деди Темир Сариев.
Премьер-министр учурда мамлекетте ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын маалымдады. Түндүк-Түштүк жолу, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушу жүрүп жатканын, жакынкы күндөрдө Ысык-Көл жол шакекчесинин курулушу башталарын, ошондой эле Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо, Камбар-Ата-2 ГЭСин куруу, "Кара-Кече" көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча долбоорлор аткарылып жатканын билдирди.
Премьер-министр жер-жерлерде жаңы ишканаларды ачуу, айыл чарба тармагында жаңы ыкмаларды жайылтуу, ар бир облус борборуна логистикалык борборлорду жана мал союучу жайларды куруу, ишкерлерди колдоо боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгына токтолду.
«Бийлик өкүлдөрү жоопкерчиликти сезиши керек. Бийликке болгон ишенимди арттыруу керек. Ал үчүн талап күчтүү, убакыт аз»,- деди Темир Сариев.