Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бүгүн, 11-ноябрда иш сапары менен Нарын облусуна жөнөп кетти. Мекемеден билдиришкендей, аны менен кошо Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин башчысы Рустам Ибраимов да кетти. Иш сапарда сот өкүлдөрү Нарын облусундагы сот органдарынын ишмердүүлүгү, соттордун имараттарынын абалы менен таанышмакчы.
Эскерте кетсек, жакында Нарын шаарында ички иштер органдары менен адвокаттардын катышуусунда сотторго болгон ишенимди жогорулатуу максатында семинар өткөрүлгөн.