Жогорку Кеңештин 2016-2020-жылдар үчүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл. Бул тууралуу төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында маалымдады. Ага өзү төрагалык кыла турганын айтты.
“Стратегияны кабыл алуу - мыйзамдын талабы. Ар бир жаңы чакырылыш ушул ишти аткарышы керек. Ошондуктан стратегияны иштеп чыгуу үчүн депутаттардан жана аппарат кызматкерлеринен турган жумушчу топту түзүү керек. Топту өзүм жетектейм. Фракциялардан сунуштарды күтөбүз. Айтып койчу нерсе, жумушчу топ узак убакытка иш алып барат”,- деди Жээнбеков.