Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматына дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда SUPER.KG порталына өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Темир Сариев жаңы жетекчини МККнын эмгек жамааты менен тааныштырды. Т.Сарпашевге биометрикалык маалыматтарды топтоону аягына чейин чыгаруу милдети тапшырылганы айтылды.
Айта кетсек, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматын Алина Шаикова жетектеп келген.