Асылбек Жээнбеков: "Калпты жазган журналисттер Жогорку Кеңешке киргизилбейт"

Депутат Чолпон Жакупова бүгүн, 11-ноябрда парламент жыйынында айрым журналисттер Жогорку Кеңешке кирүү үчүн аккредитациядан өтө албай жатышканын айтып, маалымат таратууда чектөөлөр болуп жатканын билдирди. "Жогорку Кеңештин иштеп жатканына эки апта болгону калды, бирок эмне үчүн айрым журналисттерге аккредитация берилбей жатат? Жарандардын маалымат алуусуна чектөөлөр болбош керек",- деп кайрылды ал төрагага.

Төрага Асылбек Жээнбеков калпты жазган журналисттер Жогорку Кеңешке киргизилбей турганын белгиледи. "Жарандардын маалымат алуусуна эч кандай тоскоолдуктар жок. Жогорку Кеңештин интернет-сайты, радиосу иштеп жатат. Журналисттер аккредитациядан өтүп жатышат, бирок калпты жазгандары киргизилбейт. Эгерде кааласа, сотко кайрылып, өз укуктарын коргоп алышса болот",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан