Каржы министрлиги: 10 айда ишканалардын зайым каражаттарын кайтаруусунан бюджетке 2,9 миллиард сом түштү

2015-жылдын январь-октябрь айларында чарба жүргүзүүчү ишканалардын бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча зайым каражаттарын кайтаруусунан республикалык бюджетке 2 миллиард 937 миллион 99 миң сом түштү. Кредиттер боюнча 2 миллиард 37 миллион 900 миң сом, ссудалар боюнча 900 миллион 900 миң кайтарылган, бул былтыркыдан 862 миллион сомго көп.

Каржы министрлигине таянсак, 2015-жылы аталган багыттагы карыздарды кайтаруудан жалпы 3 миллиард 326 миллион 900 миң сом түшмөкчү, мунун ичинен:

- негизги карыз – 1 миллиард 961 миллион 400 миң сом;

- пайыздар жана айып пулдар – 1 миллиард 365 миллион 86 миң сом.

"Болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курсунан, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды. Карыз милдеттенмелеринин графиктерине ылайык, карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталды",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан