Лицензия берүүнү электрондук түргө өткөрүүчү долбоорду ишке киргизүүгө керектүү каражатты табуу маселесин чечүү зарыл. Вице-премьер-министр Олег Панкратов "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү системи жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланган жыйындан кийин тийиштүү тапшырмаларды бергенин 11-ноябрда өкмөттөн билдиришти.
"Экономика министрлиги донорлор менен биргеликте каржы булактарын табуу маселесин карашы керек. Бул республикага инвестиция тартуу жана мамлекеттик органдарда коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган маанилүү долбоор. Ошондуктан лицензия берүү системин тезирээк электрондук формага өткөрүүгө кызыкдарбыз",- деп билдирди Панкратов.