Сабир Атажанов мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка 11-ноябрда премьер-министр Темир Сариев кол койгонун өкмөттөн маалымдашты.
Атажанов буга чейин аталган мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.