Чыңгыз Бекташов мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгонун 11-ноябрда өкмөттөн билдиришти.
Бекташов буга чейин аталган агенттиктин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.