"Бардык жоопкерчиликти өкмөт башчы Темир Сариевдин мойнуна илип койгонго болбойт". Мындай пикирин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында айтты. Төрөбаев анын фракциясы жоопкерчиликти өкмөт менен бирге алууга даяр экенин белгиледи.
"Коалициялык көпчүлүк ишеним көрсөтүп, биздин фракцияга Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен Жогорку Кеңештеги бир комитетти берди. Ошондуктан бардык жоопкерчиликти өкмөт менен бирге бөлүшүүгө даярбыз. Өзүңүздөр билесиздер, айыл чарба тармагы өлкөгө өтө маанилүү тармак. Ошондуктан керектүү техникаларды сатып алууда жана айыл чарба үчүн өкмөт тарабынан бөлүнчү каражатты кечиктирбестен ылдамдатуу керек",- деди Төрөбаев.