№50-СИЗОдогу окуяны иликтөө үчүн парламентте депутаттык комиссия түзүү сунуш кылынды

"№50-СИЗОдогу окуяны иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүү керек". Мындай сунушту депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында айтып чыкты. Анын билдиришинче, кылмышкерлер абактан кантип качып чыкканын жана алар экстремисттик топтор менен кантип байланышта болуп турганын ачыкка чыгаруу зарыл.

"9 кылмышкер №50-түзөтүү колониясынан качып чыгууда эмне үчүн видеобайкоо иштебей калган, ошондой эле алар экстремисттик топтор менен кантип байланышта болгонун иликтеп чыгып, коомчулукка чыгарыш керек. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүп, анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирүүсү керек",- деди Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан