Каржы министрлигинин Борбордук казынасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы аймактык казына бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн семинар өткөрдү.
Семинар Жалал-Абад шаарында өтүп, ага аймактык казына бөлүмдөрүнүн 22 кызматкери катышты. Темалар: "Бюджеттик каражаттарды алуучунун картасы" жана "Интернет банкинг" пилоттук долбоорлорун киргизүү".
"Жыйынтыгында Борбордук казынанын кызматкерлери менен семинардын угуучуларынын ортосунда видеоконференция уюштурулду. Анын жүрүшүндө жетекчилик менен адистер пилоттук долбоорлорго жана мамлекеттик бюджетти аткарууну кассалык тейлөөгө тиешеси бар болгон бардык суроолорго жооп беришти",- деп билдирет Каржы министрлиги.