Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева менен АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Уолтни бүгүн, 12-ноябрда билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, студенттер арасында тажрыйба алмашуу программасын мындан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышканын билдиришти министрликтен.
"18 жылдын ичинде миңден ашуун кыргыз өлкөсүнүн жаштары АКШда кыска мөөнөттүү тренингдерге катышып, тажрыйба алмашуулардан өтүп, мектеп окуучуларына, студенттерге арналган программаларды окуп келишкен. Жолугушуу соңунда тараптар жогорку билим берүү, мугалим, адистердин тажрыйба алмашуусу сыяктуу эки тараптын кызыкчылыгына дал келген жолдорду карап чыгуу керектигин белгилешти",- деп айтылат маалыматта.