Депутат Элмира Жумалиева өкмөттүн кышка даярдыгын угууну сунуштады

Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште депутат Элмира Жумалиева 1-декабрга чейин өкмөттүн кышка даярдыгын угууну сунуштады. Жумалиеванын айтымында, бул ирет өкмөттүн кышка даярдыгын угуу кечигип жатат. Ал эми депутат Мирлан Бакиров бала бакчаларды, мектептерди көмүр менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Депутат өткөн чакырылыштын Социалдык комитети бийик тоолуу, жетүүгө кыйын шарттагы айылдардын тизмесин тактоо боюнча өкмөткө тапшырма берген чечим кабыл алганын айтып, өкмөт бул маселени тездетүү керектигин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан