Кыргыз мамлекетиндеги төө буурчактын баасын көтөрүү аракетинин алкагында өлкөнүн Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов бүгүн, 12-ноябрда Түркиянын Мерсин шаарына барды. Анда элчи төө буурчак импорттоочу түркиялык компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзмөкчү.
Элчиликтин билдиришинче, Мерсин шаарында айыл чарба продукцияларынын, анын ичинде төө буурчактын баасы аныкталып, соода-сатык жүргүзүлө турган жай жайгашкан. Мындан тышкары төө буурчакты сатып алуу, таңгактоо жана сатуу менен алектенген Эркин экономикалык аймак орун алган.
Эскерте кетсек, өкмөт башчы жакында экономика министрлигине кыргыз дыйкандарынын төө буурчагын жакшы баада сатуу үчүн жаңы базарларды издөө тапшырмасын берген.