Саналуу мүнөттөрдөн кийин Жогорку Кеңештин мурунку спикери Ахматбек Келдибековго карата биринчи инстанциядагы соттун өкүмү угулат. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 12-ноябрда айыпталуучунун акыркы сөзү угулуп, судья Абдуразак Боромбаев кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетти. Сот жыйынындагылар чечимди күтүшүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейинки соттук отурумда прокурор судьядан Келдибековду мүлкүнөн ажыратуу менен 10 жылга эркинен ажыратууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу Келдибеков жогорку кызматты ээлеп турганда Москвада Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн ачуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарганы үчүн жана "Бизнес-партнёр" ишканасына байланыштуу эпизод боюнча жаза берүүнү суранган.