Бүгүн, 12-ноябрда депутаттар Жогорку Кеңештеги комитеттердин ички түзүмү боюнча маселени карап чыгышып, комитет төрагаларынын экиден орун басары болушу керектигин такташты. Учурда орун басарлыкка "Республика-Ата Журт" фракциясынан башка 5 фракция өз талапкерлерин көрсөтүп, депутаттар талапкерлерге жашыруун түрдө добуш берип жатышат. Эсептөө комиссиясы добуш берүү жыйынтыкталган соң бюллетендерди эсептеп чыгып, кимге канча добуш берилгенин жарыялайт.
Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясы бүгүн комитеттердин төрагаларынын орун басарлыгына талапкер сунуштоодон баш тарткан.