Бүгүн, 12-ноябрда вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева эң маанилүү дары-дармектерге болгон баа саясатын жөнгө салуу боюнча өткөн жыйынга катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Вице-премьер-министрдин айтымында, жүргүзүлгөн иликтөөлөр боюнча жарандардын ден соолугун жакшыртууга корогон каражаттын 60 пайызы дары сатып алууга сарпталууда. Дарыканалардагы бааларга мониторинг жүргүзүү жана бул багытта маалымат технологиясын өнүктүрүү төмөн болуп жатат. Мындан улам бир эле дарынын баасы ар башка аймактарда ар кандай болуп жатат.
Өкмөттүн 2020-жылга чейинки программасынын алкагында азыркы көйгөйдү чечүү, биринчи кезекте мамлекеттин таасири астында сатып алууларды максималдуу түрдө мыйзамдаштыруу жана таза өткөрүү каралган.
Эскерте кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, дары-дармектердин толук даректүү базасын түзүү боюнча концепция бекитилген.