Жогорку Кеңештин 12-ноябрдагы жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев Таш-Көмүр шаарына Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) курууну сунуштады. Депутат муну менен Аксы районундагы энергетикалык көйгөйдү чечүүгө болорун айтат. "Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда көптөгөн кендер бар, бирок аларды иштетүүгө энергия жетишпейт. Жылуулук электр борбору курулса, бул маселе чечилип, мындан тышкары жарандар жумуш орду менен камсыздалмак",- дейт Артыкбаев.