Темир Сариев кызматтык милдетин аткарууда курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Сууга чөгүп бараткан аялды сактап калам деп кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон сержант Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө өкмөт башчы Темир Сариев 100 000 сом бөлдү. Премьер-министрдин резервдик фондунан бөлүнгөн каражат бүгүн, 12-ноябрда Тынчтык Абдрахмановдун үй-бүлөсүнө тапшырылганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Эскерте кетсек, 8-ноябрь күнү Токмок шаардык милициясына Быстроток суусунда белгисиз аялдын агып бара жатканы боюнча маалымат түшкөн. Ошол замат каналга милиция кызматкерлери жана "Тез жардам" кызматы барган. Аны куткарууга аракет кылган Токмок ШИИБинин кызматкери, 1989-жылы туулган Тынчтык Абдрахманов сууга секирип түшкөн. Суу шар аккандыктан, жээкке чыга албай экөө тең сууга агып кеткен. Бир аз убакыттан кийин Тынчтык Абдрахманов менен 25-30 жаштардагы белгисиз аялдын жансыз денеси Быстроток каналынын бүткөн жеринен (Бишкек-Кемин унаа жолунун 59-чакырымынан) табылган.

Тынчтык Абдрахманов үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан