Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин катышуусунда 12-ноябрда өлкөдө клубдук футболду өнүктүрүүгө арналган жолугушуу болду. Ага өлкөдөгү ири компаниялардын өкүлдөрү, Футбол федерациясынын мүчөлөрү жана футбол ишмерлери катышты.
Темир Сариев Кыргыз Республикасында туруктуу мамлекет куруу аракети активдүү жүрүп жатканына токтолуп, бул максатты ишке ашыруу үчүн алгачкы жолу парламенттик шайлоо ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөрүлгөнүн белгиледи. Ошол эле учурда дүйнөдөгү кырдаал жана аймактагы коопсуздук маселелери курч туруп, радикалдуу ар түрдүү агымдар көбөйүп жатканын жана жаштардын бул агымдарга кирип жатканын билдирди.
“Жаштардын мындай туура эмес жолго түшүп кетишинен эки нерсе гана сактайт. Биринчиси - сапаттуу билим, экинчиси - спорт жана дене тарбияны жайылтуу. Ал эми спорттун эл арасында эң жайылган түрү - футбол. Биз футболду өнүктүрүү менен жаштарды сергек жашоо образына тартышыбыз керек. Ал эми футболду өнүктүрүү үчүн клубдар арасында атаандаштык зарыл”,- деди Темир Сариев.
Премьер-министр учурда өлкөнүн футбол боюнча Жогорку Лигасында 6 гана команда катышып, атаандаштык болбой жатканын айтып, өлкөдөгү ири компанияларды футболдук клубдарды түзүүгө жана каржылоого чакырды.
“Акыркы учурда футбол боюнча кыргыз курама командасы татыктуу оюн көрсөтүүдө. Өлкөдө футболдук дух пайда болду. Эгер биз футболдук клубдардын санын көбөйтүп, атаандаштыкты күчөтсөк, дагы жакшы жыйынтыкка жетише алабыз. Жогорку Лигада ойногон командалардын санын 10-12ге жеткирүү менен атаандаштыкты күчөтүүгө болот”,- деди Темир Сариев.
Премьер-министр футболго демөөрчүлүк кылган компанияларга өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн айтып, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында өкмөт башчы Спорт жана дене тарбия агенттигине өлкө аймактарындагы футболду өнүктүрүү үчүн “Булгары топ” мелдешин жандантууну, футболду өнүктүрүүнүн планын иштеп чыгуу жана жаңы стадионду куруу боюнча долбоорду тездетүүнү тапшырды.