Башкы прокуратура Ахматбек Келдибековго чыгарылган өкүм боюнча жогорку инстанцияга кайрылат. Бул тууралуу өлкөдөгү көзөмөлдөөчү башкы органдын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду жарым-жартылай актады. Экс-спикер бир эпизод: Салык кызматындагы иши боюнча акталды. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди. А.Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров да соттун өкүмү менен макул эместигин айтып, депутаттын толук акталышы үчүн кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берерин билдирген эле.