Каржы министрлигинин алдында Бюджеттик кредиттер жана ссудаларды башкаруу агенттиги түзүлгөнү жатат

Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду жоюлуп, ордуна Бюджеттик кредиттер жана ссудаларды башкаруу агенттиги түзүлгөнү жатат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова 12-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

"Бардык эле юридикалык жакты өзгөртүп кайра түзүүдө убакыт жана анализ талап кылынат. Атайын мекемелер аралык жумушчу топ иштеп, аталган фондду кайра түзүү чечимине келди. Агенттик корпоративдик башкаруунун элементтерин камтуу менен түзүлүүдө. Бул боюнча жобонун долбоору иштелип чыгып, учурда министрлик жана мекемелер менен макулдашылып жатат",- деди Баяманова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан