Кыргыз ишкерлери 2016-жылдын жазында Ашхабадда бизнес-форумга катышат

Эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында кыргыз ишкерлери 2016-жылдын жазында Ашхабад шаарына барышат. Бул тууралуу 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын башчысы Марат Шаршекеев менен Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы элчиси Батыр Ниязлыевдин жолугушуусунда белгилүү болду.
Жолугушууда кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташтыгынын 2016-жылкы планы да талкууланды. Түркмөнстандын элчиси кийинки жылы өтүүчү бизнес-форум мындан аркы соода-экономикалык кызматташууга чоң түрткү берерин айтты.
Эскерте кетсек, быйыл августта Түркмөнстандын ишкерлер делегациясы кыргыз өлкөсүнө келип кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан