Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйыны өтөт. Анда оң рулдуу унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташып алектенген жеке менчик компаниялардын кайрылуулары каралат. Ошондой эле фракция Эл аралык парламенттик комиссиянын жана туруктуу делегациялардын курамына жана Жогорку Кеңештин чет өлкөлөр менен кызматташуу боюнча достук тобуна киргизиле турган депутаттарды аныктоо маселесин карамакчы. Аны менен бирге Эсептөө палатасына аудитордук кызматка сунушталып жаткан экс-депутат Нурбек Мурашевдин талапкерлигин талкуулашат.